Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан жана Израиль түз аба каттамын ачууну пландоодо

Кыска кабар | 28 Мар 2023 | 235 | 0

Кыргызстан жана Израиль түз аба каттамын ачуу боюнча маселени талкуулоодо. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Израилдин элчиси Эдвин Натан Ябо Глусман менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө элчи туризм тармагында, өзгөчө кышкы туризм боюнча эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдар экендигин белгиледи.

«Израиль тарап белгилегендей, эки өлкө ортосундагы түз аба каттамы эки тарапка тең туристтердин агымын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Кыргыз тараптан өлкөнүн туристтик дарамети менен таанышуу максатында Израилдин туристтик бизнесинин өкүлдөрү үчүн инфо-тур өткөрүү сунушталды», — деп айтылат маалыматта.

Тараптар тыгыз кызматташууга кызыкдар экендигин билдиришип, өлкөнүн туризмин мындан ары туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM