Биз менен байланышыңыз

Нурланбек Шакиев: Илим-билимдеги мыктылар даңазаланып турат

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 157 | 0

Бүгүн, 27-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев математика, физика жана информатика боюнча окуучулар арасында өткөн ХIX Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды.

Казакстан тарабынан уюштурулган олимпиадага дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 1200дөн ашуун окуучу катышып, кыргызстандык 12 окуучу жеңишке жеткен.

Нурланбек Шакиев алдыңкы орунду багынткан келечек ээлерин жеңиши менен куттуктап, башка тармактар боюнча да эл аралык иш-чараларда жеңишке жеткендерди тосуп алып, даңазалоо адатка айланганын айтты.

Ал мындан ары илим жана билим берүү жаатындагы ар кандай эр аралык таймаштарда ийгилик жараткандарга да татыктуу көңүл буруу керектигин кошумчалады. Жеңүүчүлөрдүн ар бирине Жогорку Кеңештин атынан планшеттерди тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM