Биз менен байланышыңыз

Жети университет академиялык мобилдүүлүк меморандумуна кол койду

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 1029 | 0

Өлкөдөгү жети университеттин ортосунда академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча меморандумга кол коюлду.

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, меморандумга бүгүн, 27-мартта жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында кол коюлган.

Меморандумга кол койгон жогорку окуу жайлар ортосунда студенттерди алмашуу программасы иштеп, студенттерге жогоруда аталган университеттердин биринде жарым семестр билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Алар:

Баткен мамлекеттик университети;

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети;

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети;

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети;

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети;

А. Мырзабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети;

Талас мамлекеттик университети.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM