Биз менен байланышыңыз

«Унаа» мекемесинин ишинде кайрадан мүчүлүштүктөр жаралды

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 172 | 0

Бүгүн, 27-мартта «Унаа» мамлекеттик мекемесинин транспорт каражаттарын каттоо, кайра каттоо тутумунда мүчүлүштүктөр пайда болду. Бул тууралуу аталган мекемеинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мүчүлүштүктөрдүн себептери мекеменин ишмердүүлүгүнөн көз карандысыз жагдайлардан улам келип чыккан. Азыркы учурда бузулуулардын себептерин жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Каттоо бөлүмүнө баруудан мурун 0312 63 31 74 номерине чалып маалымат алууга болот», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин мекеменин ишинде мүчүлүштүктөр бир нече күндөн бери болуп жатканын социалдык тармактын колдонуучулары жазышкан. Мындан улам «Унаа» мекемесинде кезек күткөндөр көбөйгөнү тууралуу видеолор интернетке тараган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM