Биз менен байланышыңыз

Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшырарын айтты

Кыска кабар | 27 Мар 2023 | 261 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганын айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал өзү катышкан мушташ талкуу жаратканын, окуянын олуттуулугун түшүнүп, жоопкерчиликти сезип жатканын жана мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экенин белгиледи.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын тапшыруу чечимин өз каалоосу менен кабыл алганын айтты.

«Албетте, бул чечимди кабыл алуу оңойго турган жок, анткени борбор калаабыздын Ленин районундагы 11 813 шайлоочу мага ишенип, алардын өлкө парламентиндеги өкүлү болуу укугун берди эле. Тилекке каршы, болуп өткөн окуядан кийин депутаттын кызматын мындан ары аркалоого моралдык укугум жок деп эсептейм. Жалпыңыздардын алдыңыздарда, Аргенден жана анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан, ошондой эле мага ишеним көрсөткөн шайлоочуларымдан жана командамдан чын жүрөктөн кечирим сурайм», — деп жазды Жаныбек Абиров.

12-мартта Жаныбек Абиров мушташка катышканы белгилүү болгон. Мушташтан жабыркаган жаран Улуттук госпиталга жаткырылган.

Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде Абировду жоопко тартууну сунуштаган.

15-мартта Жогорку Кеңеш Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор киргизген сунушту карап, атайын депутаттык комиссия түзүлгөн.

Жаныбек Абиров 35 жашта. Жогорку билимдүү. 2005-2011 – жылдары Кыргыз-орус славян университетинин «Конституциялык укук» адистигин окуган.

2011-2014 – жылдары Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын «Мамлекеттик жана өз алдынча башкаруудагы менеджмент» адистиги бүтүргөн.

2015-2018 – «Восход и Ко» ЖЧКсынын коммерциялык директору;

2016-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин депутаты;

2018-2021 – Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы;

2021-жылдын 29-декабрында Бишкектин № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеӊештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Copyright © 2017 Maral FM