Биз менен байланышыңыз

Элчи Бешимов Индиянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 26 Мар 2023 | 141 | 0

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Индиянын президенти Драупади Мурмуга ишеним грамотасын тапшырды.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз-индия стратегиялык өнөктөштүктүн мамилелерин өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Индиянын президенти билим берүү тармагындагы кызматташуунун жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстандын огорку окуу жайларында 15 миңден ашуун индиялык студент үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле быйыл өлкө президенти Садыр Жапаровдун Индияга сапары күтүлүп жатканын белгиледи.

Аскар Бешимов Индиянын ШКУга жана Чоң жыйырмалыкка төрагалыгын эске алуу менен азыркы дүйнөлүк саясий процесстерде Индиянын өзгөчө маанисин белгиледи. Бул контекстте тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердеги үстүбүздөгү жылдын негизги окуяларынын бири президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын июль айында өтүүчү ШКУ саммитине катышуу үчүн иш сапары болорун белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM