Connect with us

Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алса да болот

Кыска кабар | 25 Мар 2023 | 576 | 0

Эми баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Туулгандыгы тууралуу күбөлүк» санариптик документи метриканын кагаз формасын алмаштыруучу расмий электрондук документ болуп саналат. Ал кагаз түрүндөгүсү менен бирдей эле юридикалык күчкө ээ болуп, талап кылынган бардык учурда колдонсо болот.

Санариптик документти колдонуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

— бирдиктүү идентификациялоо системасында авторизациялануу (булуттук электрондук кол тамганы Калкты тейлөө борборунан бекер алуу керек);
— Tunduk мобилдик тиркемесин AppStore же PlayMarketтен жүктөө;
— Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;
— Тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM