Биз менен байланышыңыз

Кытайдагы архивдик табылгаларды изилдөөгө 13 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 277 | 0

Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн 13 млн сом каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Султанбаевдин айтымында, тарыхый табылганы изилдөөгө президенттик фонддон 13 миллион сом бөлдүрүп берүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Жакынкы арада аталган каражаттар “Мурас” фондунун эсебине которулат.

2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.

Мындан улам “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн тийиштүү каражаттарды таап, жардам берүү өтүнүчүн келтирип президент Садыр Жапаровдун дарегине кат менен кайрылган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM