Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда өндүрүлгөн Coca-Cola Орусиянын дүкөндөрүндө сатылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 198 | 0

Кыргызстанда өндүрүлгөн Coca-Cola газдалган суусундугу Орусиянын азык-түлүк дүкөндөрүндө сатылууда. Бул тууралуу жергиликтүү Om1.ru басылмасы окурмандары жиберген маалыматка таянып жазган.

Маалыматта айтылгандай, дүйнөлүк марканын Кыргызстанда өндүрүлгөн суусундуктары Новосибирск шаарынын чакан азык-түлүк дүкөндөрүнө келип түшкөн. Ал жерде Coca-Cola суусундугунун классикалык үлгүсү жана шекерсиз түрлөрү сунушталган. Күбөнүн айтымында, айрым сатуучулар дүйнөгө белгилүү марканын Орусиядан чыгып кеткенине байланыштуу киреше табуу үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн вариантын алып кирип жаткан болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, Coca-Cola HBC (Суусундук брендинин Орусиядагы дистрибьютору) санкциялардан улам былтыр Орусия рыногунан чыгып кетерин жана алардын өнүмдөрү бул өлкөдө сатылбай турганын жарыялаган эле.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM