Биз менен байланышыңыз

«Азаттык Медианын иши». Экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүч канааттандырылды

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 277 | 0

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык» боюнча арызы каралды.

«Азаттык Медиа» мекемесинин сайты жазгандай, «Настоящее время» телеканалындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериалга лингвистикалык экспертиза дайындоо тууралуу министрликтин өтүнүчү канааттандырылды.

Анда «Настоящее время» телеканалынын Баткендеги окуялар боюнча эфиринде улут аралык кастыкты козутуунун жана согушту пропагандалоонун белгилери барбы деген мүнөздөгү суроо коюлат.

«Азаттык Медианын» адвокаттары мындай экспертизанын коюлушуна каршы болушкан. Алар Маданият министрлиги аны «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө чейин тактап алышы керек болгонун, бул иш боюнча кылмыш иши козголбогон соң, мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин белгилешкен. Эми экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин соттук иш убактылуу токтотулат.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында былтыр сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу негиз болгону айтылган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай жогоруда аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM