Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Быйыл мас айдоочулар былтыркыдан 41%га азайды

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 198 | 0

Өлкө аймагында 8-марттан тарта бүгүнкү күнгө чейин мас болуп рулга отурган 423 айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын ушул мезгилинде 800 мас айдоочу кармалган. Бул жылы андай жорук жасагандар 41%га азайганын байкоого болот.

Мурда мас айдоочулар 17 миң 500 сом гана айып төлөп кутулушса, жаңы шартка ылайык, бир жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат.

Ал эми жаза чарасы бүткөндөн кийин, экинчи ирет мас абалында кармалса, унаасын токтотуп коюу менен үч жылдык мөөнөткө айдоо укугунан ажыратылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM