Биз менен байланышыңыз

«Бишкек асфальтсервис» ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 117 | 0

«Бишкек асфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан «Бишкек асфальтсервис» ишканасында коррупция менен күрөшүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек мэриясынын жана «Бишкек асфальтсервистин» жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, конкурс өткөрбөстөн жана тиешелүү документтери жок туруп, үчүнчү жактын эсебине 7 млн 624 миң 319 сомду мыйзамсыз которуу менен өндүрүп алышкан.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 210-беренеси («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM