Биз менен байланышыңыз

УКМК: Токмокто күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган 6 унаа кармалды

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 287 | 0

Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.

Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM