Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик менен ташып келүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында алты унаа: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Пажеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа кармалып, Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди.
Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.