Биз менен байланышыңыз

Орус бийлиги блогер Илья Варламовду «чет элдик агент» деп жарыялады

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 280 | 0

Орусиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен «Агора» эл аралык укук коргоо уюмунун жетекчиси Павел Чиковду «чет элдик агент» деп жарыялады.

Мекеменин маалыматы боюнча, Варламов менен Чиков бийлик тарабынан кабыл алынган чечимдер жана жүргүзүлүп жаткан саясат тууралуу ишенимсиз маалыматтарды тараткан деп айтылууда.

Мындан тышкары Орусиянын Юстиция министрлиги Варламов чет элдик булактардан колдоо алган, ал эми Чиков чет элдик агенттер тарабынан материалдарды түзүүгө жана жайылтууга катышкан деп эсептейт.

Орусиялык блогер Илья Варламов Кыргызстан тууралуу жаңы тасмасын чыгарды (видеосу)

Орусияда «чет элдик агент» бирдиктүү реестрине журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү кирген.

2022-жылдын 1-декабрында Орусияда «Чет элдин таасириндеги адамдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Бул документтин негизинде Юстиция министрлиги «чет элдик агенттердин» жаңы бирдиктүү реестрин түзгөн.

Варламов: «Ош – Бишкек» жолу дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири (сүрөттөрү)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM