Биз менен байланышыңыз

Варламов: «Ош – Бишкек» жолу дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири (сүрөттөрү)

Кыска кабар | 19 Июл 2021 | 617 | 0

Жакында эле орусиялык блогер Илья Варламов Ош шаарында болду. Түштүк калааны көрүүгө барган блогер самса, тандыр нанын жеп, жергиликтүү тургундар менен таанышкан.

Кайра кайтып жатып Варламов Оштон Бишкекке автоунаа менен келген. Ал «Ош – Бишкек» жолу менен келе жатканда көргөн табияттын сулуулугуна таң берген. Дүйнөнүн көп жеринде болгон блогер «Ош – Бишкек»  жолу дүйнөдөгү эн кооз жерлердин бири экенин айтат.

«Кыргызстандын укмуштуудай, кооз табияты бар. Оштон Бишкекке автоунаа менен келдим. Жолдо келе жатып көп сүрөттөрдү тарттык. Ал дүйнөдөгү эң кооз жолдордун бири. Мен Жердин дээрлик бардык бурчунда болгом, көп нерсени, көркөмү көздүн жоосун алган жолдорду көргөм. Ошондуктан «Бишкек – Ош» жолу дүйнөдөгү эң кооз жерлеринин бири деп айта алам. Бул ирет мени Кыргызстан таң калтырды. Тамактары даамду болду, жерлери кооз, жаңы адамдар менен тааныштым», — деген ал.

Варламов жакында Кыргызстанга келип кеткени жөнүндө тасма чыгарын белгилеген.

Эскертке кетсек, былтыр күзүндө Варламов Бишкекке келип кеткен. Анда ал Кыргызстанда ачык-айрым мүнөз, меймандос эл жашарын, бирок бийлик элине кам көрбөй турганын айткан.

Варламов өзү тарткан сүрөттөрдү Тelegramˈдагы каналына жүктөгөн

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM