Биз менен байланышыңыз

Март элдик революциясына 18 жыл

Кыска кабар | 24 Мар 2023 | 364 | 0

Бүгүн, 24-мартта президент Садыр Жапаровдун Март элдик революциясынын 18 жылдыгына карата кайрылуусу жарыяланды. Анда Жапаров кыргыз эли март революциясында бийликтин жалгыз булагы эл экенин тарых алдында дагы бир ирет тастыктаганын белгиледи.

Себеби кан-жанында эркиндик, эгемендик ойногон кыргыз эли – адилетсиз башкарууга баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл экенин айтты.

«Биз Кыргызстандын эгемендик жылдарында өлкөбүздүн өнүгүү тарыхында бурулуш катары кирген олуттуу окуялардан дайым сабак алышыбыз кажет. Башына түшкөн бардык кыйынчылыкка карабай, биримдик, ынтымак аркылуу элибиз элдүүлүгүн жоготпой, акыйкат жолунан тайбай, кылымдарды карытып келет.

Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо, ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз. Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз. Мекенибизде тынчтык өкүм сүрсүн, элибизде бакубатчылык жана ынтымак болсун», — деп айтылат кайрылууда.

2005-жылдын 24-мартындагы окуяга 18 жыл болду. «Жоогазын революциясы» деген ат менен белгилүү болгон март окуялары Жалал-Абад,Ош аймактарынан башталып, нааразы болгон эл борборго келген.

Ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн авторитардык, үй-бүлөлүк саясаты, социалдык-экономикалык оор кырдаал элди көчөгө алып чыккан.

Аскар Акаев Кыргызстандан кантип кеткен? (сүрөттөгү тарых)

Copyright © 2017 Maral FM