Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мелис Тургунбаевди министр кызматына дайындады

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 141 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.

16-мартта Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин талкуулап, колдогон. Ага чейин парламенттин тармактык комитети караган. Ал 15-марттан бери экология министринин милдеттерин аткарып жаткан.

Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM