Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мелис Тургунбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри болуп дайындалды.
16-мартта Жогорку Кеңеш Мелис Тургунбаевдин талапкерлигин талкуулап, колдогон. Ага чейин парламенттин тармактык комитети караган. Ал 15-марттан бери экология министринин милдеттерин аткарып жаткан.
Мелис Тургунбаев «Кыргызмунайгаз» ААКынын башкы башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалаган. Экономика илимдеринин доктору, ошондой эле Эл аралык кесипкөй директорлор ассоциациясынын мүчөсү.