Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга Кореядан унаа тетиктери мыйзамсыз ташылып келгени аныкталды

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 188 | 0

Кыргызстанга Кореядан жаңы унаа тетиктерин мыйзамсыз ташып келүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери тарабынан «А.Б.У» ЖЧКсынын дарегине Кореядан Hyundai, Land Rover, Spain автоунаасы, автоунаа тетиктери жана кыймылдаткычтар келип түшкөнү аныкталган.

Унааны текшерүү учурунда декларацияланбаган 4444 даана унаа тетиги табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 5592 кг түзгөн.

Аталган факты каттоого алынып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM