Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Кытайга барат

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 230 | 0

Үстүбүздөгү жылдын май айында президент Садыр Жапаров Кытайга мамлекеттик сапары менен барары күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров Кытай — Борбор Азия механизминин биринчи саммитине катышат. Ошол эле учурда бул анын Кытайга президент болуп дайындалгандан бери биринчи мамлекеттик сапары экенин белгиледи.

«Биз бул сапарга чоң көңүл буруп жатабыз. Азыр эки тарап тең иш-чарага активдүү даярданып жатышат. Биз бул иш-чара чоң ийгиликтер менен аяктап, эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат деп ишенебиз. Биз Кытай менен Кыргызстандын бирдиктүү тагдырынын коомчулугун курууда жаңы кадам жасайбыз», — деп жыйынтыктады ду Дэвэнь.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM