Биз менен байланышыңыз

«Тазалык» ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды

Кыска кабар | 23 Мар 2023 | 334 | 0

Бишкектин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси, шаардын мурдагы вице-мэри кармалды С.Р.А. кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Такталгандай, Рыспек Сарпашов 2017-2018-жылдары «Тазалык» ишканасынын директору болуп турган кезде ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала келишип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында соттук-эсептик экспертиза дайындалып, анын корутундусуна ылайык, Бишкек мэриясына караштуу «Тазалык» ишканасынын бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилгени аныкталган.

Учурда С.Р.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Рыспек Сарпашов 2010-2012-жылдары, 2014-2018-жылдары, андан соң 2019-жылы «Тазалык» ишканасынын жетектеген.

Copyright © 2017 Maral FM