Биз менен байланышыңыз

Баткен: электрондук добуш берүү пилоттук режимде апробацияланат

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 263 | 0

2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй  облустарынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Биринчи жолу Баткен облусунун Баткен районундагы  Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүү пилоттук режимде апробацияланат.

Жергиликтүү жамааттын мүчѳсү болуп саналган, жогоруда кѳрсѳтүлгѳн айыл аймактарда туруктуу каттоодо турган, бирок шайлоо күнү шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок Кыргыз Республикасынын жараны электрондук добуш берүү мүмкүнчүлүгүнѳн пайдалана алат.

Маалымат иретинде: шайлоочулары электрондук добуш берүүгѳ катыша ала турган айылдар:

Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Орто-Сай, Паскы-Арык, Миң-Өрүк, Жаңы-Бак айылдары;

Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай, Көк-Таш, Уч-Дөбө, Капчыгай, Бакай, Таш-Тумшук, Миң-Булак айылдары;

Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр, Рават, Орто-Боз айылдары.

Элекрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн шайлоочу 2023-жылдын 24-мартына чейин шайлоо комиссиясына арыз же шайлоочулардын «Тизме» (tizme.gov.kg) порталында «Шайлоочунун кабинети» (voter-cabinet.srs.kg) сервиси аркылуу электрондук арыз берүүсү зарыл.

Электрондук арыз берүүдѳ шайлоочу «Face-ID» беттин параметри боюнча биометрикалык идентификациялоодон же болбосо электрондук колтамга (ЭКТ) аркылуу авторизациядан ѳтѳт.

Суроолоруңуздар боюнча Сиз тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча консультация алсаңыздар болот:

Кыска номер 1255; +996 312 660240;

+8 800 30 18 318 (Россиядан телефон чалуу акысыз).

+996 554 110501 (whatsapp Бурул); +996701 702111 (whatsapp Кайрат);

Сиз document2@shailoo.gov.kg электрондук почтасына жазсаңыз болот, биз Сиз менен сѳзсүз байланышабыз.

Кѳңүл буруңуз! Эгерде Сизде биометрикалык каттоо жок болсо, анда Сиз Кыргызстанда – Калкты тейлѳѳ борборлорунан (КТБ), чет ѳлкѳлѳрдѳ – Кыргыз Республикасынын дипломатиялык ѳкүлчүлүктѳрүнѳн ѳтсѳңүз болот.

Мындан тышкары, Москва шаарында биометрикалык каттоо, ЭКТны берүү жана электрондук добуш берүүгѳ катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу боюнча мобилдүү топ иштейт – байланыш номери +996 554 110501 (whatsapp)  Бурул Болотакунова.

Эгерде Сиз Бишкек, Ош жана Баткен шаарларында убактылуу жүргѳн болсоңуз, анда БШКнын консультациялык борборлоруна кайрылсаңыз болот:

— Бишкек ш., КР БШКнын имараты, 103-кабинет, Пушкин кѳч., 50.

байланыш номерлери: кыска номери — 1255; 0312620158; 0312660157;

—  Ош ш., Ош шаарынын мэриясынын имараты 117-кабинет, Ленин кѳч., 221;

байланыш номерлер: 0773 234-691, 03222 5-59-35;

 Баткен ш., администрация имаратында, Садыков кѳч., 1;

байланыш номерлери: 0220 041804, 03622 5-02-10.

Ушул жерде электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине кошулуп, биометрикалык каттоодон ѳтүп, электрондук кол тамганы алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM