Биз менен байланышыңыз

Талас шаарына Манастын айкели орнотулду

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 178 | 0

Талас шаарынын борборуна Манастын эстелиги орнотулду. Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата Айкөл Манастын эстелигинин расмий ачылышы болуп өттү.

Талас облусуна жалпы наркы 8,7 млн сомду түзгөн эстелик, жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилди. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 1 160 000 сом акча каражаты бөлүнгөн.

Аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү борбор калаа Анкара шаарына тургузулган. Эстеликтин бийиктиги 12 метрди түзөт (өзү 6 м, постаменти менен 12м). Авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.
.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM