Биз менен байланышыңыз

22-март: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 912 | 0

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 22-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 11…11,

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7.

Нарын облусунун айрым дыйканчылык аймактарында жана Кара-Кужур өрөөнүндө кар жаашы күтүлөт.

Бишкек шаарында жаан болуп, абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 14…16 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM