Биз менен байланышыңыз

Жасалма интеллекттин жардамы менен улуттук тамак-аштар персонаж түрүндө (сүрөт)

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 297 | 0

Сүрөтчү Татьяна Зеленская кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, жасалма интеллекттин жардамы менен улуттук тамак-аштарды персонаж түрүндө иштеп чыккан сүрөттөрүн жарыялады.

Ал өз фантазиясын колдонуу менен Midjourney нейросети аркылуу Кыргызстандагы белгилүү тамак-аш жана улуттук суусундуктарды персонаж катары жасап чыккан. Жарыялаган сүрөттөрдө сары майды сулуу бой жеткен кыз менен байланыштырса, курутту беш көкүл кызга, нанды жаш уланга, чайды жүзүнөн мээрими төгүлгөн аялга окшоткон.

Татьяна Зеленская буга чейин өлкөдөгү жана коомдогу ар кандай окуяларга өзүнүн иллюстрациялык сүрөттөрү аркылуу пикир билдирип, оюн айтып келген сүрөтчү катары белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM