Wildberries онлайн-соода платформасы 2022-жылдагы Кыргызстан менен кызматташтыгынын жыйынтыгын чыгарып, отчет жарыялады.
Маалыматта өткөн жылы кыргызстандык ишкерлердин Wildberries онлайн-соода платформасы аркылуу соода кылуусу 361%га өсүп, 10,7 млрд рублдик товар сатылган.
Ал эми Wildberries аркылуу соода кылган ишкерлердин саны өткөн жылы дээрлик 8 миңге өскөн. Wildberries онлайн-соода платформасындагы эң популярдуу товарлар кийим-кече, аксессуар, тамак-аш, косметика жана тиричилик буюмдары экени аныкталган.
Wildberries ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда дагы бир ири логистикалык борборун ачкан. Онлайн-платформанын жетекчилиги бул аракет Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт.