Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык ишкерлер өткөн жылы Wildberries аркылуу 10,7 млрд рублдик товар сатты

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 192 | 0

Wildberries онлайн-соода платформасы 2022-жылдагы Кыргызстан менен кызматташтыгынын жыйынтыгын чыгарып, отчет жарыялады.

Маалыматта өткөн жылы кыргызстандык ишкерлердин Wildberries онлайн-соода платформасы аркылуу соода кылуусу 361%га өсүп, 10,7 млрд рублдик товар сатылган.

Ал эми  Wildberries аркылуу соода кылган ишкерлердин саны өткөн жылы дээрлик 8 миңге өскөн.  Wildberries онлайн-соода платформасындагы эң популярдуу товарлар кийим-кече, аксессуар, тамак-аш, косметика жана тиричилик буюмдары экени аныкталган.

Wildberries ушул жылдын февраль айында Кыргызстанда дагы бир ири логистикалык борборун ачкан. Онлайн-платформанын жетекчилиги бул аракет Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп эсептейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM