Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаровдун Нооруз майрамына карата куттуктоосу

Кыска кабар | 21 Мар 2023 | 286 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда, Нооруз кыргыз элинин бай маданияты менен улуу нарк-насилинин тээ тереңден келгендигин туюндуруп, аруулук, мээримдүүлүк, кол суна билүү сыяктуу түбөлүктүү баалуулуктарын эске сала тургандыгы айтылат.

Ошондой эле «Жаз чакырган жаркын майрамыбыз дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөчө мааниге ээ. Бул бизге бейпил турмуштун, береке-куттун канчалык маанилүү экенинен кабар берет. «Ынтымак бар жерде – ырыс бар» деген сөздүн мааниси так ушунда жатат»- деп белгилейт.

Куттуктоонун аягында президент ар бир кыргызстандыкка Нооруз ар бир үйгө токчулук, молчулук алып келүүсүн, өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге бакубат турмуш каалаган.

Copyright © 2017 Maral FM