Биз менен байланышыңыз

21-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Мар 2023 | 196 | 0

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 21-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18,

Талас облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3, күндүз 13…15 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM