Connect with us

Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да жоопкерчиликке тартылат

Кыска кабар | 20 Мар 2023 | 348 | 0

Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин ЖКККББнын өздүк курамынын ичиндеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ИИОнун кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан аёосуз каттуу жүргүзүлүүдө.

«Бирок, жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз. Урматтуу айдоочулар. Жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында сиздер да коррупциялык элементтерге себепчи болбоңуздар», — деп айтылат маалыматта.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM