Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Нооруз майрамында өтө турган иш-чаралар программасы

Кыска кабар | 20 Мар 2023 | 517 | 0

Бишкек шаарында эртең, 21-мартта Нооруз майрамына карата бир катар майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында башталат.  Саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамаатарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлери концерттик программасы тартууланант. Ошону менен бирге, аянтта жалпы элдик майрамдоо улантылат.

Майрамдык иш-чаралар борбор калаанын бардык райондорунда өткөрүлөт.

Октябрь районунда

21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын «Спорттук Нооруз» спартакиадасы өтөт.

21-март күнү саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.

Свердлов  району

20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Сармерден» өткөрүлөт.

Нооруз майрамын белгилөөнүн алдында «Сайма» мелдеши өткөрүлүүдө. «Сайма» мелдеши райондун мектептеринде жана бала бакчаларында улуттук кийимдерди, оймо-чиймелерди, шырдактарды, баш кийимдерди улуттук турак жайды жайылтууга жана өркүндөтүүгө багытталган. Жеңүүчүлөр үчүн байге фонду каралган.

Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн (ата-энелер менен балдарга) райондун Балдар чыгармачылык борборунун базасында ар жума күнү кийиз тигүү, чий токуу, карапа жасоо жана улуттук кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча акысыз мастер класстар уюштурулууда.

Ленин району

21-мартта  Чоң-Арык айылында  “Нооруз – 2023” (улуттук “сүмөлөк” тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да «Тушоо кесүү» аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.

21-мартта саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.

Биринчи май району

21-март күнү саат 10:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан  тартыш, ордо,  тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM