Биз менен байланышыңыз

Түркияда кайрадан жер титирөө болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2023 | 481 | 0

Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясынын Яйладагы аймагынын жээгинде күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө кечээ, 19-мартта жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:44тө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Хатай облусунун Йайладагы районунан 95 км алыстыкта ​​жайгашкан.

Очогу Жер Ортолук деңизинин түбүндө 7 км тереңдикте болгон.

Эскерте кетсек, өткөн айдын башында, 6-февралда таңга жуук Түркия менен Сириянын аймагында очогундагы күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Ошондой эле 20-февралда Түркиянын Хатай провинциясынын Сирия менен жектешкен аймагында жер титирөө болгон.

Кыргызстандан боордош түрк элине жардам көрсөтүү үчүн жалпысынан 182 куткаруучу, анын ичинен 12 фельдшер, алты дарыгер, жер-жерлерде жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана, ошондой эле атайын үйрөтүлгөн иттер менен алты кинолог жөнөтүлгөн.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM