Биз менен байланышыңыз

Баткен шаарынын көчөлөрүнө бөтөлкө салуучу урналар коюла баштады

Кыска кабар | 19 Мар 2023 | 253 | 0

Баткен шаарына желим бөтөлкө салуучу урналар коюла баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен мэриясы ички каражаттын эсебинен 15 даана урна жасаткан. Таштанды челектер борбордук көчөлөргө, калк көп жүргөн жайларга, сейил бактарга, шаардын кире беришине орнотулат.

Ошондой эле тамак-аш калдыктарын, нан салуучу челектерди да коюу пландалып жатканы маалым болду. Ага топтолгон таштандыны шаардын мал кармаган тургундарынын алып кетүүсүнө шарт түзүлөт.

Баткен мэриясы нанды таштабоону эскертип, андан көрө ити бар кошуналарга берип коюуну сунуштайт. Андан тышкары желим бөтөлкө, баштыктарды жана башка экологияга зыяндуу заттарды өрттөбөөгө, союлган малдын ич этин, башын таштандыга ыргытпоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM