Биз менен байланышыңыз

Бишкекте фармацевтикалык завод ишке кирди

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 156 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты.

Анда ал КМШ өлкөлөрүнө Европада жана Жакынкы Чыгышта фотоэлектрдик күн модулдарын өндүрүү жана жеткирүү, күн энергетикасы жаатында инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен иштеген New-Tek LLC кыргыз-герман компаниясында болду.

Ошондой эле ал фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты.

Аталган завод ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, ошондой эле сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр.

Жапаров «Бишкек» эркин экономикалык аймагы өзүн өнүктүрүүгө зор потенциалы бар экенин белгилеп, аны көтөрүү зарылдыгын жана ал үчүн багытталган долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM