Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Нооруз майрамы кандай белгиленет? (иш-чаралар программасы)

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 241 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы Ноорузга карата майрамдык программа даярдады. Расмий иш-чара 21-мартта саат 10:00дө «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Ал эми саат 12:30дан баштап 17:00гө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын жана Кыргыз искусствосунун маданият жана өнөр чеберлеринин концерттик программасы тартууланат.

Мындан тышкары, жарманке, прикладдык искусствонун көргөзмөсү, спорттук оюндар жана башка оюн-зоок иш-чаралары уюштурулат. Ошондой эле шаардын бардык райондорунда да майрамдык иш-чаралар өтмөкчү.

Октябрь району
19-март күнү саат 19:00дө Алтын-Ордо конушунда улуттук сүмөлөк даярдалган майрамдык иш-чара өткөрүлөт.

21-март күнү саат 10:00дө №73 мектепте Тунгуч кичи районунун тургундарынын «Спорттук Нооруз» спартакиадасы өтөт.

21-март күнү саат 10:00дө Көк-Жар конушунун №103 мектебинин аймагына боз үй тигилип, салтанаттуу иш-чаралар, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, майрамдык дасторкон жайылат.

Свердлов  району
20-март күнү саат 10:00дөн 20:00гө чейин Ак-Бата конушунда элдик майрамдар уюштурулуп, боз үй тигилип, дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, улуттук оюндар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

22-мартта саат 14:00дө К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында «Сармерден» өткөрүлөт.

Ленин району
21-мартта  «Чоң-Арык» айылында «Нооруз – 2023» (улуттук “сүмөлөк” тамак-ашын даярдоо) майрамдык иш-чаралары уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Арча-Бешик конушунда да «Тушоо кесүү» аземи менен майрамдык иш-чара уюштурулат.

21-мартта саат 10:00дө Ак-Ордо конушунда дасторкон, концерттик программа жана улуттук оюндарды уюштуруу менен элдик майрамдар өткөрүлөт.

21-март саат 13:00дө Asia Mall соода борборунун жанында этникалык айыл орнотулуп, Азия элдеринин жарманкеси, ошондой эле ар улуттун өкүлдөрүнүн концерти өтөт. Майрамдын коноктору үчүн улуттук оюндар: тогуз коргоол, хан таламай, бал-таш, күрөш, ордо боюнча мастер-класс уюштурулат.

Биринчи май району
21-март күнү саат 10:00дө «Мурас-Ордо» жаңы конушунда улуттук оюндар, аркан  тартыш, ордо,  тогуз-коргоол, кичи футбол жана эстафеталык жарыш уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM