Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бажы кызматынын алты кызматкери кармалды

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 170 | 0

Мамлекеттик бажы кызматыны алты кызматы адамы жана жеке компаниянын үч өкүлү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Кытайдан товар ташууда коррупциялык схема аныкталган. Айрым компаниялар мамлекеттик бажы кызматынын  кызмат адамдарынын колдоосун пайдаланып, Кытайдан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Бирок, товарлар Кыргызстандын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстанга кирип турган.

Бул кылмыш иши боюнча 16-17-мартта Мамлекеттик бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, бул иште келтирилген зыян 1 млрд сомго жакын болушу мүмкүн.

Белгилүү болгондой, бажы кызматкерлери менен жеке компаниялардын өкүлдөрүнүн арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар.

Учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM