Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги Ботаникалык бак реконструкцияланат

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 160 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-мартта Бишкек шаарындагы Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы жана реконструкциялоо пландары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ушул эле жерде бүгүн президенттин администрациясынын, президенттин иш башкармасынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өттү.

«Мамлекет башчысына реконструкциялоо долбоорун ишке ашырган учурда бактын аймагында эки кабаттуу административдик имарат, бир нече чарбалык имараттар, трансформатордук көмөкчордон, күнөсканалар, питомниктер, ирригациялык система жана башка объекттер оңдолору маалымдалды.Ошону менен бирге аймактагы транспорттук схема өрт коопсуздугунун нормаларына ылайык келтирилет, ал эми жөө жүргүнчүлөр үчүн зоналар заманбап стандарттар боюнча жакшыртылмакчы», — деп айтылат маалыматта.

Ботаникалык бактын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий иштер боюнча да маалымат берилген.

Жапаров белгилегендей, Ботаникалык бак Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек.

Мамлекет башчысы алгачкы этапта Горький көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын филиалын (5 гектар) реконструкциялоону тапшырган.

Жапаров Ботаникалык бакта жарандардын эс алуусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп, ал шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин белгилеген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM