Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин депутаттары ишембиликке чыгышты (сүрөт)

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 189 | 0

Бүгүн, 18-мартта төрага Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары жана аппараттын кызматкерлери ишембиликке чыкты.

Ишембиликтин катышуучулары борбор калаабыздагы сейил бакты иретке келтирип, суу арыктарын тазалоо менен дарактардын көчөттөрүн тигишти.

Иш-чарада Нурланбек Шакиев экология маселеси борбор калаада курч экенин белгилеп, шаардын тазалыгына ар бир жаран кам көрүшү керектигин айтты.

Бүгүн өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өтүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM