Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда жаранды бычактап качып кеткен шектүү кармалды

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 240 | 0

Кадамжайда 55 жаштагы жаранды бычактап качып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжайда бычактан жаракат алган жаран ооруканага кайрылган. Бул маалымат Кадамжай райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, иликтөө иштери башталган.

Жыйынтыгында кылмыштын изи сууй электе Үч-Коргон айылында кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн Масалиев айылынын 33 жаштагы А.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалган.

Азыркы күндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталып, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM