Биз менен байланышыңыз

Бүгүн өлкө боюнча ишембилик өтөт

Кыска кабар | 18 Мар 2023 | 159 | 0

Бүгүн, 18-мартта өлкөнүн жогорку жетекчилигинин катышуусу менен республика боюнча ишембилик өткөрүлөт. Иш-чарага бардык аймактарда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин кызматкерлери катышат.

Мамлекеттик органдардын жетекчилери алдыдагы ишембиликтин алкагында шаарлардын жана айылдардын социалдык инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш.

Ишембиликтерди өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жүктөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM