Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев тигүү тармагындагы ишкерлерди жолугушууга чакырат

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 161 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 22-мартта тигүүчүлүк менен алектенген ишкерлер менен жолугушуу өткөрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, иш-чаранын максаты тигүү тармагындагы ата мекендик ишкерлерди колдоо жана бул тармакты өнүктүрүү. Жолугушуу учурунда ишкерлер өздөрү дуушар болгон көйгөлөрүн айтып, чечилбеген суроолорун мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен талкуулоого мүмкүнчүлүк жаралат.

Жыйындын натыйжасында Кыргызстандын тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү боюнча практикалык чечимдер иштелип чыгат.

Жолугушуу Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде саат 16:00дө башталат. Дареги Бишкек шаары, Чүй проспекти, 106.

Жолугушууга катышууну каалаган ишкерлер төмөндөгү номерлерге байланышып, маалымат алышса болот: 0555 262 929; 0312 62-05-35 кош. 276; 132).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM