Connect with us

Кыргызстанда 100 күндө үч багыт боюнча көйгөйлөр чечилет

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 248 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын атаандаштык жана тажрыйба алмашуу боюнча министринин орун басары, таандаштык боюнча кеңештин төрагасы Абдулла Нассер Лута менен биргеликте «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке киргизүүнү баштады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында, биринчи этапта 100 күндүн ичинде үч багыт боюнча долбоорлор ишке ашырылат:

1. Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу;

2. Кыргызстанда электромобилдер үчүн электр станцияларын орнотууга уруксат алууну жөнөкөйлөтүү;

3. Экспертизадан, кайра кароодон өтүүнүн, майыптуулук фактысын белгилөөнүн тартибин жөнөкөйлөтүү.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы бул – Бириккен Араб Эмираттарынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформанын атайын механизми болуп саналат, ага ылайык мамлекеттик органдар 100 күндүн ичинде көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM