Биз менен байланышыңыз

Азыгалиев Ташкентте парламенттер аралык комиссиянын III отурумуна катышты

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 135 | 0

Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев Ташкент шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык комиссиянын III отурумуна катышты.

Иш-чарада парламенттер аралык кызматташтыкка тиешелүү маселелер каралып, бул жааттагы алаканын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Экономикалык кызматташтыкка тиешелүү долбоорлорго токтолгон төраганын орун басары «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун салуу жана «Камбар-Ата-1 ГЭСин» куруу жаатындагы макулдашуулар тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымынын орун басары Садык Сафоев эки өлкөнүн парламенттеринин деңгээлинде карала турган маселелер арбын экенине токтолуп, саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү керектигин белгиледи.

Ошондой эле жыйында аймактар аралык диалогду кеңейтүү жана экономикалык кызматташтыкты арттыруу максатындагы баяндамалар жасалып, эки өлкөнүн тиешелүү жетекчилери маалымат беришти.

Муну менен катар Парламенттер аралык комиссиянын IV отурумун Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынып, Жогорку Кеңештин Төрагасынын Өзбекстандагы расмий иш сапарын уюштуруу да тууралуу сөз болду.

Жыйынга депутаттар Ырысбек Атажанов, Фарходбек Алимжанов, Нилуфар Алимжанова, Фархат Исмаилов, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM