Биз менен байланышыңыз

Өткөн жылы өлкөгө 353 млн доллар инвестиция келген

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 146 | 0

Өлкөгө 2021-жылы 14 млн доллар, ал эми 2022-жылы 353 млн доллар инвестиция келген. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Нурадил Баясов Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда аймактарда ар кандай этаптагы жалпы суммасы 2 млрд 190 млн 927 миң долларлык 140 долбоор: өнөр жай тармагында 117 долбоор, энергетика тармагында 11 долбоор, айыл чарба тармагында 12 долбоор ишке ашырылууда. Алар аймактарды өнүктүрүү фонддорунан, тике жана ички инвестициядан каржыланып жатат.

Улуттук агенттик акыркы беш жылда каржысы 165 млн 700 миң доллар болгон инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашырган.

Аймактар боюнча алганда, 65 долбоор Чүй облусунда, 17 долбоор Баткен облусунда, 15 долбоор Ош облусунда, 14 долбоор Жалал-Абад облусунда, 12 долбоор Ысык-Көл облусунда, 6 долбоор Нарын облусунда, 3 долбоор Талас облусунда, 8 долбоор Бишкек шаарында, 8 долбоор Ош шаарында ишин баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM