Биз менен байланышыңыз

ККМ боюнча элге түшүндүрмө бербегени үчүн Нарындын мэри айыпка жыгылды

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 273 | 0

Нарын шаарынын мэри жана шаардык салык кызматынын башчысы жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аларды жоопко тартууга элге ККМ-аппараттары боюнча жеткиликтүү түшүндүрмө бербегени себеп болгон. Мындан улам Нарын облустук прокуратурасы «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 435-беренесине (кызмат адамдарынын ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуусу) таянып, 10 миң сомдон айып салган.

Президент Садыр Жапаров 11-мартта Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушкан. Анда эл ККМ аппараттары боюнча нааразы пикирлерин билдиришип, мамлекет башчысы баарына түшүндүрмө берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM