Биз менен байланышыңыз

Салык декларациясын өз убагында тапшырбагандарга айып салынат

Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 736 | 0

Мамлекеттик салык кызматы мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруу жана салык органына тапшыруу зарылдыгын эскертүүдө.

Маалыматка караганда, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар мүлк (транспорт, турак же турак эмес жай, жер) салыгы боюнча маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.

Маалыматтык эсепти эки жол менен: salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу электрондук түрдө, салык органына барып кагаз түрүндө тапшырса болот. Ошондой эле тапшырганы жөнүндө кабарлап, кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.

Маалыматтык эсепти өз убагында бербегени үчүн жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM