Биз менен байланышыңыз

Иманалиев: АКШда ишкерлик кылган кыргызстандыктар көбөйдү

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Мар 2023 | 2182 | 0

Чикаго шаарында эле болжолдуу 25 миңдей кыргыз жашайт. Бул көрсөткүч дээрлик Кыргызстандын бир районуна барабар. Бул тууралуу Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Дастан Иманалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жыл өткөн сайын кыргызстандыктар, анын ичинде ишкерлер Америкага кызыгууда. Демек, АКШда кыргыз бизнес ассоциациясын ачуу бышып жетилди.

«Америка Кошмо Штаттары бизнестин көптөгөн тармактарында лидер. Ал жакта дүйнөнүн алдыңкы компаниялары иш алып барат. Алсак, Google, Apple, Microsoft, Tesla, Coca-Cola ж.б. Ал жакта жаңы инновациялык өндүрүмдөр байма-бай чыгып турат. Жыл өткөн сайын кыргызстандыктар Америкага барууга абдан кызыкдар болгонуна күбөбүз. «Америка менен Кыргызстандын ишкердик чөйрөсү кантип кызматташса болот, Америка бизнесинин өзгөчөлүктөрү, мүмкүнчүлүктөрү жана бул жаатта эмне жаңылыктар болуп турат?» деген суроолор барган сайын өсүүдө. Демек, Кыргызстандын ассоциациясы АКШда ачылса, ал өлкөнүн рыногуна чыгууга чоң демөөр жана көпүрө болуп бере алмак».

Иманалиев Кыргызстан менен АКШнын жеке кызматташуу келишими жок экенин, бул нерсени ишкер коомчулук абдан күтүп жатканын баса белгиледи.

Айта кетсек, 1994-жылы Бишкек шаары менен АКШнын Колорадо-Спрингс шаары «бир тууган шаарлар» келишимине кол коюшкан. Тилекке каршы, ал келишим толук кандуу аткарылбай келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM