Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучусу Массачусетс институтуна (MIT) өттү. Тапшыруунун жолдору тууралуу

Блог , Кыска кабар | 17 Мар 2023 | 789 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин UWIS (United World International School) мектебинин окуучусу Тилек Аскербеков АКШдагы Массачусетс технологиялык институтуна акысыз окууга өттү. Ал буга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы балдар лицейинде 7-класстан 11-класска чейин окуп, андан кийин былтыр UWIS мектебине 12-класска кирген.

Кесип тандоо боюнча кеңешчи Чолпон Тыналиева Тилек Аскербековдун Массачусетс окуу жайына кантип өткөнүн «Маралга» айтып берди.

Марал: Бул окуу жайга өтүү үчүн кандай даярдык көрүлдү? Кандай талаптар бар эле?

Чолпон Тыналиева: Массачусетс университети — технология боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган окуу жай. Негизи дүйнөдөгү мыкты окуу жайларга өтүү үчүн көп жетишкендиктер талап кылынат. Мисалы, биринчи эле окуучунун мектептеги жетишкендиктери, баалары каралат, дүйнө таанымы эске алынат.

Бир канча сынак тапшырат, анын арасында тил билүүнү текшерген тесттер бар. Себеби «Ошол өлкөгө барганда окуп кете алабы?» деген маселе болот, англис тилин билүү деңгээлин аныктайт.

Андан тышкары жатык тил менен айтканда, Американын жалпы республикалык тестирлөөсү бар, анын жыйынтыгы каралат.

Ошондой эле Cambridge системасында окугандыктан 12-класста окутулган программанын жыйынтыгын көрсөтөт.

Бир канча мыкты мугалим, менторлордон окуучунун жетишкендиктерине ынандырган сунуш кат жазылат.

Окуучунун мектептен тышкаркы коомдук иштерге канчалык аралашып, салым кошконуна да карашат. Мисалы, ыктыярчылык кылганбы, кандай долбоорлорду жасады, спорт, музыка жана башка тармактардагы аракеттерине да баа берилет.

Биздин окуучу Тилек Аскербеков ар кандай долбоорлорго катышып жүрдү, 3-4 жылдан бери ошол окуу жайды бүтүргөн математика мугалиминен сабак алып жүрдү. Бир сунуштаманы ушул агай жазып берди. Жалпылап айтканда, окуучунун жыйынтыгы башкалардан айырмаланып, жогору турушу керек.

Марал: Тилек Аскербеков Массачусетс университетине өтүү үчүн канча убакыт даярданды?

Чолпон Тыналиева: Ал өз деңгээлин билгендиктен мугалимдеринин жардамы менен башынан эле ушул окуу жайга тапшырууну максат кылып, өзүн даярдап жүргөн. Мисалы, математика предмети боюнча дүйнөлүк бир канча олимпиадага катышып, байгелүү орундарды, күмүш медаль уткан. Келе жаткан жай мезгилинде да Японияда математика боюнча өтө турган дүйнөлүк олимпиадага да катышат.

Мындан тышкары «Сапаттын» олимпиада борбору бар, ошол жерде да дүйнөгө багытталган математика олимпиадасына катышып жүргөн.

Былтыр Тилек Аскербеков Массачусетс университетине өзү тапшырып, wait listке кирген, башкача айтканда, университетке өткөндөрдүн тизмесине катталган, бул кийинки кадамга өтүүгө жакын дегенди билдирет. Бирок тилекке каршы, быйыл гана өтүү буюрду.

Марал: Окууга тапшыруу процесси оор болдубу?

Чолпон Тыналиева: Оңой болгон жок. Интервью беш саатка созулду. Быйыл Массачусетс институтуна жалпысынан 26 миңден ашык окуучу тапшырды, анын ичинен миңден ашыгы гана кабыл алынат. Жыл сайын миңдеген абитуриент тапшырат, бирок аз гана пайызы кабыл алынат.

Марал: Буга чейин да «Сапат» эл аралык мектептеринен бул окуу жайда окугандар болгонбу?

Чолпон Тыналиева: Бул окуучу биринчи эмес. Менин билгеним боюнча, буга чейин «Сапаттан» төрт окуучу Массачусетс университетинде окушкан.

Марал: Маегиңизге ырахмат!

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM