Биз менен байланышыңыз

Динара Кутманова Экология министрлигиндеги коррупция тууралуу айтты

Кыска кабар | 16 Мар 2023 | 337 | 0

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматынан алынган Динара Кутманова отставкасы тууралуу Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин түзүү жакшы жетишкендик, Кыргызстандын азыркы жана келечектеги кызыкчылыгын чагылдырган маанилүү чечим болгонун белгиледи. Ошондой эле бул тармакта системалык коррупцияга каршы күрөш баштаганын, эми ал иш уланарынан үмүт кыларын жазды.

«Министрликти түзүү, бекемдөө жана өнүктүрүү узак, ырааттуу ишти талап кылат. Мен бул ишке салым коштум. Бул тармакка  келгенде, системалык коррупция тамыр жайганын көрүп, үрөйүм учту. Биринчиден мекеменин ичиндеги саботажга туш болдум, кызматкерлер жаңы өзгөрүүлөргө тоскоол боло башташты, анткени алардын басымдуусу бул жерде жылдар бою иштеп, түзүлгөн коррупциялык схемаларга эрксизден тартылышкан. Мен тамыр жайган системага каршы күрөштү баштаган элем жана буга чейин да көп иштерди жасадым. Бул күрөш уланат деп үмүттөнөм», — деп жазды Динара Кутманова.

Кутманова Жаратылыш ресурстар министрлигинде коррупция бар экенин айтты

Динара Кутманова 15-мартта президенттин жарлыгы менен иштен бошотулду. Ал 2021-жылдын октябрында бекитилген Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин жетектеди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM